Жаңылыктар

Блогер чет элдик жаранды тамашага салган үчүн милиция кармап кетти

Милиция блогерге карата тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады. Бул тууралуу 23-февралда Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда жер астындагы өтмөктө тартылган тамашалуу видео тараган. Блогер чет элдик жаранды тамашага салып коркуткан.

Бул факты ЖИИБде катталган.

Биринчи май РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «пранкер» О.А. тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Блогер Асхат Өмүров тиктокто өзүнүн кооптуу пранктары менен белгилүү.

Яндекс.Метрика