Блогер улут аралык кастыкты козуткан деп шектелип кармалды
Бишкекте расалык, этностук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 2-майда социалдык тармакта активдүү колдонуучу аныкталган.

Аккаунтту талдоодо анын баракчасында улуттар аралык кастыкты козутууга, ошондой эле жарандардын улутка болгон мамилесинен улам төмөндүгүн пропагандалоого багытталган басылмалар системалуу түрдө жайгаштырылып турганы аныкталган.
Бул кишинин басылмалары социалдык тармактардын колдонуучулары арасында кеңири талкууга алынып, улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн.
Факт боюнча Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан экспертизанын корутундусунун негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, улуттар аралык, диний же аймактар аралык кастыкты (жарашты) козутуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси.
Шектүү катары 32 жаштагы жаран К.К. Ал Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Интернет колдонуучулары кармалган адам блогер Каныбек Кудайбердиев экенини айтышууда. Анын буга чейин өзүн дунган экенин айтып кыргыздарды жамандап чыккан видеосу тараган. Көп өтпөй ал өзүн мас абалда болгонун айтып, кечирим сураган.