Саясат

Болгону 6 партия өттү. БШКнын сайты сыйкырдуу түрдө жаңыланды

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган маалыматка караганда, парламентке 6 партия өттү.Белгилей кетсек, АСУ эсеби шайлоонун акыркы жыйынтыгы катары эсептелбегендиктен маалымат толукталып турат.

Учурда добуштардын 88,29 пайызы саналып бүттү. Буга чейин БШКнын сайтынан алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңешке 10 партия өткөн. Буга чейинки жарыяланган эсепте партиялар алган добуштардын пайызын кошкондо 150% ашып кетип. Мындай болушу мүмкүн эмес. Себеби добуштардын бардыгын кошкондо 100 пайызды түзүшү керек. БШКнын сайтындагы буга чейинки маалымат өчүрүлүп, жаңы маалымат чыкты.

БШКнын сайтында мүчүлүштүк болуп жатышы ыктымал. Болжолдуу жыйынтык боюнча тизме:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» (17,4%);

2. «Ишеним» (13,7%);

3. «Ынтымак» (10,95);

4. «Альянс» (8,35);

5. «Бүтүн Кыргызстан» (6,75);

6. «Ыйман нуру» (6,04.)

Быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы схема менен өтүүдө. 54 талапкер тизме менен шайланат, 36 талапкер бир мандаттуу округ менен келет. Жалпы 21 партия ат салышты.Өлкө боюнча шайлоого катышкан жарандардын 5 пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добуш алган партияга парламенттин эшиги ачылат. Канчалык көп добуш алса, ошончо мандатка ээ болот, бирок бир эле партияга 27ден көп мандат берилбейт.

Яндекс.Метрика