Жаңылыктар

Болот Назаров кармалды. Ал жылкы уурдап качканбы?

Москва районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тоноо фактысына шектелген жаранды кармашкан. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей 7-ноябрда милицияга Беловодское айылынын тургуну кайрылган.

Анын айтымында, Чоң-Арык айылына жакын жердеги талаадан белгисиз адам 14 жаштагы уулунан сүрөткө түшүү үчүн ат сурап, андан ары атты чаап качып кеткен кеткен.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде козголгон кылмыш ишинин негизинде Москва районунун ИИБнин АИС ЭПКга катталган. Учурда кылмыш иши козголду.

9-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү — 1993-жылы туулган Н.Б. Ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Жылкы табылды. Тергөө иштери уланууда. Кеп акын Болот Назаров жөнүндө болуп жатат. Ал журналист Болот Темировдун иши боюнча буга чейин кармалган.

Яндекс.Метрика