Кызыктуу

Борончу каза болду деген маалымат эмне себептен тарап кеткен?

Акыркы күндөрү куудул Борончу Кудайбергенов каза болду деген маалымат интернетке желдей тарап кеткен эле. Бирок бат эле ал маалымат жалган экени анык болду. Бул маалыматты уккандар капа болуп кээ бири таң калышкан эле. Эмне себептен мындай калп маалымат тарады? Эмнеге Борончу? Бул суроолорго Борончу Кудайбергенов өзү жооп берди.

Көрсө бул фейк (жалган) маалыматты кыргыз футболчусу Марлен Жолдубаев таратыптыр. Тактап айтканда ал өзү эмес анын атынан баракча ачып башкалар таратышыптыр. Андай болгону менен Марлен Борончу байкеге өзү телефон чалып кечирим сураптыр.

Курман айт күнү Борончу каза болуптур деген маалыматты көпчүлүк кайгыруу менен кабыл алып, куран да окуганга жетишишкен. Азыр Борончу Кудайбергенов аман-эсен өз жашоосун улантууда.

Яндекс.Метрика