Боронов кетип ордуна Садыр Жапаров келди
«Достук» мейманканасында депутаттардын чукул жыйыны өтүп, анда өкмөт башчы Кубатбек Боронов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Анын ордуна депутаттар Садыр Жапаровду убактылуу премьер-минстрдин кызматын аткаруучу кылып дайындашты.
Жыйында депутаттар жаңы премьер-министрди бир добуштан колдоп беришти. Жыйынга жалпы 62 депутат катышты.
