Жаңылыктар

«Боюнан түшкөн». Жаңы мэр аялды урган окуя тууралуу айтып берди

«Мага каршы кылмыш иши жок», — деди жаңы милдетин аткаруучу. 9-февралда Бишкек шаарынын мэри Эрмек Нургазиев журналисттер менен жолугушууда.

«Аял менен болгон окуя толугу менен күтүлбөгөн окуя болду. Мен ондогон адамдар менен жолугушууларды өткөрүп турам. Мындай кырдаал биринчи жолу болгон. Мага карата кылмыш иши козголгон жок. Сотко чейинки тергөө жүргөн. Бул ошол аялга байланыштуу», — деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Нургазиев адвокат Ольга Новохатскаяны кантип ургандыгы тартылган видео пайда болгон. Ал окуядан кийин боюнан түшкөндүгүн айткан. Нургазиевдин айтымында, бул окуя болжол менен алты ай мурун болгон.

«Шаарда калкка насыя берүү менен алектенген алдамчылар тобу бар. Күрөөгө коюлган мүлк үчүн насыя беришкен, эгер кимдир бирөө кечиктирген болсо, үйлөрүн алып коюшканн. Бул окуя 10 жылдан бери уланып келе жатат», — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Видео:

Яндекс.Метрика