Жаңылыктар

Боюнда бар аялдын күйөөсү тез жардамдын айдоочусун сабап салды

Бишкекте тез жардам кызматынын айдоочусу чакырууга барганда сабалган. Бул тууралуу Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, окуя 9 -октябрда болгон.

«Чакыруу саат 14.25те келди, аялдын толгоосу бар экение айтышты. Бул анын бешинчи жолу төрөшү экен. Чакырык жалгыз бош бригадага тапшырылган. Бирок алар дагы алыс жерде болчу. Бригада болжол менен жарым саатта жетти. Келгенден кийин күйөөсү сөгүнүп, алар көптөн бери машинаны күтүшкөнүн айтып, айдоочуну сабай баштады.

Алар алыстан бери келгендигин, убакыт керек экендигин түшүндүрүүгө аракет кылышты. Бирок алар болбой эле ура башташы. Ал эми аялы таш ыргытты», — деди ал. ⠀

Егор Борисов кошумчалагандай, эмне болуп жатканына карабай, команда аялды төрөт үйүнө алып барууну сунушташты. Бирок алар баш тартышып, жакын жердеги таксиге отуруп, качып кетип калышкан. Айдоочу азыр Улуттук госпиталда дарыланууда. Биз милицияга арыз жаздык», — деп кошумчалады ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Яндекс.Метрика