БШК 7 талапкерге 1 миллион сом күрөөнү кайтарып берет
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдын ала маалыматтары боюнча, президенттик шайлоого 7 талапкер кеминде 1% добуш алышты.

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык добуш берүүгө катышкан добуштардын кеминде 1% алган саясий партияларга күрөө кайтарылып берилет. Төмөнкү талапкерлерге 1 миллион сом күрөө кайтарылып берилет.
- Садыр Жапаров (79,16%)
- Адахан Мадумаров (6,69%)
- Бабыржан Тольбаев (2,39%)
- Мыктыбек Арстанбек (1,68%)
- Абдил Сегизбаев (1,48%)
- Имамидин Ташов (1,19%)
- Клара Сооронкулова (1%).