Жаңылыктар

БШК Мадумаровдун мигранттар менен болгон жолугушуусунда мыйзам бузуу тапкан жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Адахан Мадумаров мигранттар менен жолугушуу учурунда үгүт өнөктүгүндө эрежелерди бузуу белгилерин тапкан жок. Бул тууралуу БШКнын отурумунда белгилүү болду.

Бул маселе боюнча «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы комиссияга кайрылды.

«Анын берген материалдарына ылайык, эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок. Жолугушуунун жүрүшүндө ал үгүт иштери болбошу үчүн пландары жөнүндө айтпай тургандыгын белгиледи », — деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шилдабекова.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Яндекс.Метрика