Жаңылыктар Саясат

БШК Муртазалиевдин мандатын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын 9-марттагы отурумунда бир добуштан кабыл алынды жана ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылды.

Боршайкомдун жыйында укук коргоо органдарынын кызматкерлери добуш сатып алуу фактысы менен кармалган жарандардын талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев менен байланышы бар экенин билдиришти.Чечим ыкчам чара көрүү координациялык тобуна түшкөн билдирүүлөр жана талапкер Шайлообек Атазовдун арызынын негизинде чыкты.Абдурахманхажи Муртазалиев үч күндүн ичинде БШКнын чечимин сотко берсе болот.

Ал жыйында добуш сатып алган деген маалыматтарды четке кагып, аны «атайын уюштурулган чагым» деп атады. Сотко кайрыла турганын айтты. Буга чейин 21-февралда Бишкекте эки аял 210 миң сом менен кармалганы маалымдалган.

Алар ЖКнын талапкери Муртазалиевдин пайдасына шайлоочуларды сатып алган деп шектелген. Бул факты тастыкталып, кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты. Укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, КГОРдун төрагасы [БШКнын төрагасынын орун басары] Тынчтыкбек Шайназаров талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгарууну сунуштады.

БШКнын мүчөлөрү чечимди колдошту. 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо өткөн. 2022-жылдын 28-ноябрында бул райондордо шайлоочулардын көбү “бардыгына каршы” добушун беришкен.

27-февралда Свердлов районундагы шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыгып, ага шайлоочулардын 19,52% добуш берген. Шайлообек Атазов добуштардын саны боюнча Муртазалиевдин артынан келе жатат.

Яндекс.Метрика