Жаңылыктар

БШК Садыр Жапаровго келип түшкөн арызды карады

Буга чейин саясатчылар тобу чогулуп Садыр Жапаровдун шайлоого катышып жаткандыгы мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. Алардын ою боюнча ал талапкерлигин коюуга укугу жок, анткени ал өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп жарышка чыкканы менен расмий түрдө кызматынан кеткен жок жана ал мамлекет башчысы.

Арызды кароо боюнча БШКнын жумушчу тобу арызды карап чыгышып арыз ээлеринин талабын негизсиз деп табышты.

БШКнын башчысы Нуржан Шайылдабекова Садыр Жапаров талапкерликке көрсөтүлгөн учурда кызматтан кеткенин, Президенттин жана премьер-министрдин милдетин мыйзамда белгиленгендей токтотуп койгонун белгиледи.

14-декабрга чейин, шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттайт.

Мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Яндекс.Метрика