Бул 9 партия шайлоого катышпай турган болду
Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-августтагы маалыматына ылайык төмөнкү партиялар шайлоого катышуудан баш тартышты.
“Агрардык партия”
“Демократ”
“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы”
“Эмгек”
“Бийлик элге”
“Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы”
“Бирик”
“Таза коом”
“Жаратман Эл”
Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.
Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.
Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш.