Саясат

«Бул дүйнө мага тозок болуп калды». Орозайым Нарматова акыркы катын жазып саясаттан кеттиби?

Москвада жашаган активист Орозайым Нарматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бир башкача билдирүү калтырып, ал анын акыркы каты экенини жазды. Буга чейин ал оппозиция тарап жеңилгенин жазып президентке айланасындагы адамдардан арылууга чакырган.

«Кадырман кыргыз элимден, менин 71 жаштагы, атама кайрат тилеп, болуп, уул-кыз болуп берүүңүздөрдү суранам, анткени атамдын жалгыз уулу мындан бир жыл мурда миграция турмушунда жүрөгү ооруп каза болгон. Апам да мындан 3 жыл мурда чын дүйнөгө сапар алган. Атамдын ден соолугун каратып жүрдүм эле Москвада.

Тилекке каршы Кыргызстандагы адилетсиздикке унчукпай карап олтура албадым, абийирим чыдаган жок. Өз оокатымды кылып, жыргап-куунап жүрө берсем болмок. Бирок, мен үчүн чындык баарынан бийик турат, менин жүрөгүм, намысым, абийирим чыдаган жок унчукпай олтурганга.

Мага бийлигинин да байлыгынын да кереги жок, мага тек гана мамлекетибиздин жаркын келечеги керек. Өлсөм апамдын жанына барам, анткени апам жок, бир тууганым жок бул дүйнө ансыз деле мага тозок болуп калган. Апамды эстеген сайын эзилем, жашагым деле келчүү эмес, себеби эне орду орду толгус жоготуу экенин 3 жылдан бери сезип келем. Ошондуктан эч качан мен тууралуу жаман ойго барбаңыздар.

Кызматка же акчага кул болсом башкача жашоо тандамакмын. Президенттин иниси чакырганда бармакмын кызматташууга. Менин мандатымды алып койгондо да, агам өлгөндө камаганда да кайгырган эмесмин, анткени жакыныңды жоготтуудан өткөн кайгы жок. Менин суранычым Кудай жанымды алса апамдын жайына жакын коюңуздар, мен кайра апамдын кучагында азыр жашап жүргөндөн да тирүүрөөк, бактылуураак болом.

Бул дүйнөнүн ыпластыгынан, саткынчылыгынан, коркоктугунан жана адамдык абийирин кечип койгонунан тажадым. Аллах жалгыз, ал ар дайым чындык тарапта. Ушундай учурда да эч кимди каргабайм, эч кимди күнөөлөбөйм анткени менин тандоом апам айткандай, башыма кылыч келип турса да чындыкты болду. Сиздерди ойго салган, санаага салган чыканактай кызыңыздар Орозайымдан акыркы кат…» деп жазган Нарматова.

Яндекс.Метрика