Жаңылыктар

Бул фейк. Жапаров көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөө боюнча жарлыкка кол койгон эмес

Көп балалуу үй-бүлөлөргө үч миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөөрү тууралуу маалымат фейк. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда пенсия 10 миң сомдон жогору болоору, көп балалууларга 3 миң сомдон берилээри жана айдоочулар эрежени бузса айып пул 300 сомдон ашпай турганы туураалуу маалымат тараган.

Анын айтымында, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде президент Садыр Жапаров үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө үй-бүлөлүк кирешесин текшерүүнү эске албастан, социалдык жөлөк пулдарды төлөө жөнүндө жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат тарап жатат. «Бул маалымат жалган. Министрлик жарандардан аны жайылтпоону жана коомчулукту адаштырбоону өтүнөт», — деп билдирди министрлик.

Яндекс.Метрика