Билип ал

Буттарыңыз дайым үшүп турабы? Эмне кылуу керек?

Дайыма үшүп турган буттар ыңгайсыздык жаратып, адамды кыжаалат кылат. Ден-соолукка залал келбеш үчүн жаан-чачындуу күндөрү, суукта буттардын суу болушуна жол бербөө керек. Бул учурда суу кирбеген жана ным өткөрбөй турган сапаттуу бут кийимдерди тандоо маселеси дагы актуалдуу.

Гипотермия — бул эң көп кездешкен буттун үшүп калуусу. Бирок дарыгерлер карылык келгенде дагы колу-буттар дайыма муздап тураарын айтышат. Бул организмдеги жашка байланыштуу өзгөрүүлөргө байланыштуу бардык процесстер жайлап, натыйжада кан айлануу бузулат.

Кандай гана аба ырайы болбосун, дайыма буттарыңыз тоңуп турса анда төмөндөгү ыкмаларды аткаруу зарыл:

Өтө тар бут кийим кийбеңиз, алар бош болушу керек. Кышында жүндөн токулган жылуу байпак менен бут кийим кийип, жайында ачык эмес сандал кийип жүрүңүз. Бут кийимдер чыныгы булгаарыдан жасалышы керек, анткени жасалма материалдар буттун ашыкча тердөөсүн шарттайт, ал эми нымдуу бут тез тоңуп калуу коркунучу бар.

Кан жакшы айланбай калган учурда буттар, колдор муздай баштайт. Денедеги кан күн бою  жакшы айлануу үчүн күн сайын эртең менен көнүгүү жасоо керек, же болбосо таза абада сейилдеңиз.

Күнүмдүк тамак-ашта сөзсүз түрдө ашкабак, кызылча, капуста жана ар кандай мөмө-жемиштер болуусу керек. Таттуу жана ун азыктарын жегенден алыс болуу сунушталат. Уктаар алдында бутка жылытуучу мазь сүйкөө керек. Күн сайын уктаар алдында бутуңузга массаж  жасоону адат кылып алыңыз.

Буттардын тоңуусун алдын алуу

Эң негизгиси бул-кыймыл. Чуркоо же жөн эле басуу кан айланууну жакшыртат. Жайкысын жылаңайлак басуу пайдалуу.

Бийик такалуу бут кийимдер кан айланууну начарлатат. Узак күндөн кийин же сейилдөөдөн кийин чалкалан жатып  бутту өйдө көтөрүү пайдалуу, шишик тез басылат.

Яндекс.Метрика