Буттарын чыгарып алып. Өздөрүн адепсиз алып жүргөн индустардын видеосу тарады
Бишкектеги түнкү эс алуучу жайлардын биринде башка улуттун өкүлдөрү өздөрүн адепсиз алып жүргөн видеосу тарады.

Болжол менен алар Индиянын же Пакистандын жарандары болушу мүмкүн. Видеодон алардын бири бутун столдун үстүнө чыгарып алса, бири отура турган софага бүтүн коюп алган. Видео тарткан адамдын айтуусунда эс алуучу жайдын кызматкерлери аларга эскертүү берсе дагы алар укпай жатканын айтып өттү.
Видео: