Жаңылыктар

Буудайга болгон дүйнөлүк баа 40%га көтөрүлөт. Ундун баасы эмне болот?

2022-жылы буудайдын дүйнөлүк баасы 40%га жогорулайт. Мындай божомолду 26-апрелде Дүйнөлүк банк [ДБ] жарыялады.

«Украинадагы согуш чийки зат рыногуна катуу сокку урду, сооданын, өндүрүштүн жана керектөөнүн глобалдык үлгүлөрүн өзгөрттү, ошондуктан баалар 2024-жылдын аягына чейин тарыхый жогорку деңгээлде кала берет», — деп айтылат докладда.

Дүйнөлүк банк буудайдын баасынын 40%га жогорулашы номиналдык мааниде баалардын рекорддук деңгээлине алып келерин көрсөтүп турат. Бул өзгөчө Орусия менен Украинадан дан импортуна көз каранды өнүгүп келе жаткан экономикаларга басым жасайт.

Өткөн жылы АКШда буудайдын баасы, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, тоннасына 282-315 доллар деңгээлинде болгон. 2022-жылдын биринчи кварталында буудай 417-433 долларга чейин кымбаттады.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан былтыр 220 миң тонна буудай импорттогон. Ошол эле учурда орус буудайы импорттун дээрлик 60%ын түзгөн.

2022-жылдын эки айында Россиядан келген буудайдын үлүшү импортто өсүп, 91%га жеткен.

Яндекс.Метрика