Видео Жаңылыктар

Бычакталып каза болду. Кудайберген базарындагы мушташ видеого түшүп калган

Кудайберген унаа базарында иштегендердин арасында мушташ чыгып, бир адам каза болду. Алардын мушташкан учуру видеого түшүп калган. Окуя 3-апрелде саат 15: 30да Артур Богдановду базардан бычактап өлтүрүшкөн. Алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган.

«Артур ушул базарда иштеген. Ошол күнү ага үч досу келген, алар менен башка сатуучулардын ортосунда мушташ орун алган. Менин иним менен алардын досторунун ортосунда чыр чыккан», — деди маркумдун эжеси Богданова.

«Окуя болгон жерге милиция дароо жетип барган. Мушташтын эки катышуучусу кармалды, бирок Артурга бычак сайган Николай кармалган эмес. Мушташка катышкан экөө бошотулду. Алар бул иште күбө катары катышканын айтышты, бирок Николай ушул кезге чейин кармала элек», — деди ал.

Богданова алгач милиция арызды кабыл алгысы келбегенин, бирок аягында кабыл алгандыгын кошумчалады. Жабыркаган тараптын айрым маалыматтары боюнча, шектүү Кыргызстандан чыгып кеткен. Артур 32 жашта эле. Анын артында кичинекей баласы жана кош бойлуу аялы калды.

Яндекс.Метрика