Чүйдө 23 окуучу тамакка ууланып калды
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-интернаттынын 23 тарбиялануучусу тамакка ууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда саат 23:00 чамасында Бишкектеги 3-балдар ооруканасына тамакка ууланган 23 бала (8 жаштан 20 жашка чейинкилер) келип түшкөн. Алардын баарына керектүү жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда балдардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча балдардын мөөнөтү өтүп кеткен тамактан уулануусу божомолдонууда. Изилдөөнүн жыйынтыгында толугу менен так маалымат бериле тургандыгы айтылды.