Жаңылыктар

Чүйдө чоң өрт чыгып, 15 кой тирүүлөй куйкаланып калды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Александровка айылында жеке чарбалардын биринде чоң өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Өрт кечээ Исмаилов көчөсүндө болгон. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 350 чарчы метр болгон бастырма жана 400 түк чөп, 1,5 тонна жүгөрү, 2 тоннага жакын арпа күйүп кетти. 15 кой тирүүлөй өрттөлдү», — деп билдиришти башкармалыктан.

Өрттү өчүрүү үчүн Московскийдин №15 ПЧ жана Сокулук райондорунун №23 ПЧСтеринен эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрт 14.50дө өчүрүлө баштап 18.34тө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Жабыркагандар жок.

Яндекс.Метрика