Жаңылыктар

Чүйдө мектептин кароолчусу менен урушуп тапанча алып чыккан балдар кармалды

Бейбаштыкка шектүүлөр кармалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 22-октябрда билдирди.

Окуя 21-октябрда саат эртең мененки он жарымда Панфилов районундагы мектептердин биринде болгон. Ошол күнү мектепке эки жигит кирип келген. Күзөтчү аларга медициналык беткап кийгиле деп эскерткен, бирок жооп катары жаштар өздөрүн агрессивдүү алып башташкан.

Кароолчу алар менен урушуп кеткен, алар тапанчаны алып чыгып кароолчуга такаган, андан кийин машинага отуруп кетип калышкан. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча ЭРППде катталып,чыр чыгарган адамды кармоо үчүн полиция «Перехват» планын жарыяланган.

Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору алардын бирин издеп таап, Аламүдүн районунан кармашкан. Экинчисин Чүй ОИИБнин жана Панфилов РИИБнин ыкчам кызматкерлери кармашкан. Кармалгандар 2001-жылы туулган А.З. жана 2003-жылы туулган Н.Б. болуп чыкты. Шектүүлөрдүн биринен 15 огу менен газ-пневматикалык тапанча табылган.

Яндекс.Метрика