Билип ал Ден-соолук

Чач эмнеге түшөт?

Чачты жууганда шампунду аз колдонуу керек. Шампунду көп колдонуу чачты кургатып, түшүшүнө алып келет.

Шампунду бир аз гана алып, сууга чалып анан чачты жууш керек. Шампундаган соң сууну аябай, көпкө дейре чайкоо зарыл. Чачты жууганда ысык суу­ну пайдалануу да зыяндуу ошондуктан суу жылуу, бир аз муздагы­раак болгону дурус. Чачтын сапаты жакшы болсун десеңиз, фенди колдонбой сүлгү менен массаждап кургатыш керек. Чачка кургак, пахтадан жасалган сүлгүнү 4 минут ороп коюу чачтын түбүнө ным­дуулук сакталышына шарт түзөт.

1 айда бир жолу чачты айран менен жууп туруу керек. Кышкысын дайыма шапкени баштан түшүрбөй кийип жүрө бербей кээде таза абага чыгып күндүн нурун алуу керек.

Яндекс.Метрика