Сулуулук

Чач жасалгаңыз эмнеден кабар берет

Адамдын чачы магиялык күчкө ээ. Байыркы сыйкырчылар адамдын чачы аркылуу анын аурасына кирип сыйкыр иштерин жүзөгө ашырган. Мусулмандарда аялдардын чачын аял, ал эми эркектердин чачын эркек гана кыркыш керек деген катуу талап коюлган. Адамдын чачы көзгө дароо урунат, ошондуктанбы чач жасалгасы адамга 70% сулуулук берет дешет косметологдор. Эң башкысы жакшылап байкаган кыраакы кишилерге адамдын чачы анын кулк-мүнөүн, ички сырын кабарлап турат. Кыз-келиндер жашоосундагы кыйчалыш жагдайлардан кийин чачынын жасалгасын, түсүн да өзгөртүп салышат. Чачын өзгөртүү менен алар жаңы жашоонун барагын ачкысы келгенин билишибиз керек. Анда чач аркылуу адамдардын мүнөзүн тактап алалы.

Сиздин чач жасалгаңыз эмнеден кабар берет:

Чачын жайып жүргөндү каалагандар өз айтканынан кайтпаган, эркиндикти сүйгөндөр. Алар турмуштагы ар кандай эрежелерге көнүшпөйт, жүрөгү эмнени айтса ошону жасашат.

• Сыйда артка таралып байланган чач ээси тартип, тазалык, ирээттүүлүктү жактырат. План менен жашайт, башаламандыкка чыдай албайт.

• Кыска кыркылган чачтуулар спортту сүйүшөт. Көп олтурганды жактырышпайт, кыскасы тыпыраган тынчы жок турган адамдар.

• Саркеч чач жасалгасын сүйүп, ар түркүн креатив прическаларды колдонгондор жаңыча ой жүгүрткөн, учур чактан өтүп келээр чак менен жашаган адамдар.

• Жарашыктуу саркеч прическа ээси жашоосунда гармония болгонун самайт. Сулуулук, жылуулук, байлык дегенди эңсеп, бардар жашагысы келет.

• “Бейбаш” чачтар. Учтары ар тарапка чачылган, парикмахерлер жасалгалагандан кийин баштапкы калыбына бат келген чач ээси айтканынан кайтпаган өжөр адам, ал жеке позициясында кала берет.

• Жумшак, созулган чачты тараган да оңой. Мындай чач ээсинин мүнөзү жумшак, аны менен бат эле табыша аласың.

• Бир аз тармалданып турган чач ээлеринин маанайлары эрте жаздагы шамалдай бат-бат өзгөрүп турат.

• Тармал козудай чачтуулар казандай кайнап турушат. Энергиялары ашып-ташкан бул адамдарга ар ким ар кандай көз карашта болот. кыскссы алар бирөөгө жакса, кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнатат.

Яндекс.Метрика