Чет жерде кулчулукка кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?
Толугу менен кулчулук

Мындай торго кабылбас үчүн жаран ошол иштей турган тарап менен нотариалык түрдө келишим түзүп, баардык миграциялык документтерди жеке өзүнүн катышуусу менен бүтүрүшү зарыл. Андан тышкары Кыргызстандагы туугандарына так даректерин калтырып же билдирип туруусу керек. Эгер баардык документтер туура толтурулуп, Сиз кулчулуктун торуна кабылсаңыз, Биринчиден сизди табуу оңой жана кандайдыр бир чара көрүүгө да болот.
Мындан тышкары «189» телефонуна чалып, кеңири маалымат алганыңыз да дурус.
Акыркы тапта кулчулуктун торуна чет мамлекетке чыгып эмес, Кыргызстандын ичинде эле кабылгандар кездешпей койбойт. Мунун баары калктын миграция тууралу маалымат аздыгында. Азыркы тапта бул тууралу өлкөдөн чыкпастан эле «189» байланыш түйүнүнө чалып билсе болот. Чет мамлекетке жумуш издеп эле чыккандар эмес окууга, конокко же эс алууга баргандар да маалымат берүү түйүнүнө байланышып кеңеш алса болот.
Бул түйүнгө чалып, чет мамлекеттердеги жумушка орношуу боюнча кеңешти албастан адам сатуу фактылар тууралу билдирсеңиз болот. Сиздин коопсуздугуңуз сакталып, айткандарыңыз жашыруун болоруна кепилдик берилет. «189»