Билип ал

Чет жерде кулчулукка кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?

Мындай торго кабылбас үчүн жа­ран ошол иштей турган тарап менен нотариалык түрдө келишим түзүп, баар­дык миграциялык документтерди жеке өзүнүн катышуусу менен бүтүрүшү за­рыл. Андан тышкары Кыргызстандагы туугандарына так даректерин калтырып же билдирип туруусу керек. Эгер баар­дык документтер туура толтурулуп, Сиз кулчулуктун торуна кабылсаңыз, Бирин­чиден сизди табуу оңой жана кандайдыр бир чара көрүүгө да болот.

Мындан тышкары «189» телефону­на чалып, кеңири маалымат алганыңыз да дурус.

Акыркы тапта кулчулуктун торуна чет мамлекетке чыгып эмес, Кыргыз­стандын ичинде эле кабылгандар кез­дешпей койбойт. Мунун баары калктын миграция тууралу маалымат аздыгында. Азыркы тапта бул тууралу өлкөдөн чык­пастан эле «189» байланыш түйүнүнө чалып билсе болот. Чет мамлекетке жу­муш издеп эле чыккандар эмес окууга, конокко же эс алууга баргандар да маалымат берүү түйүнүнө байланышып кеңеш алса болот.

Бул түйүнгө чалып, чет мамле­кеттердеги жумушка орношуу бо­юнча кеңешти албастан адам са­туу фактылар тууралу билдирсеңиз болот. Сиздин коопсуздугуңуз сакталып, айткандарыңыз жашыруун болоруна ке­пилдик берилет. «189»

Яндекс.Метрика