Чет жерде кулчулукка кабылган келиндин окуясы
Жолдошум мени үч балам менен таштап башка аялга кеткен соң, аргасыздан баардык жүк жеке башыма түштү. Санитар болуп айылдагы ооруканада иштеп келгем. Жумуш ордум кыскарып, жумушсуз калдым. Ага чейин улуу балам Казакстанда курулушта иштеп келген. Аны аскерге кызмат өтөгөнү алып кеткен соң, өзүм барып иштеп көрөйүн дедим. Баламдын Фархат деген досу Казакстан мамлекетине караштуу Тараз шаарына иштегенге жумуш сунуштады.

Мен шыр макул болуп, 2011-жылдын 10-мартында ал жакка барууга жолго чыктым. Фархат мени тосуп алып колбаса чыгаруучу цехке орноштурду. Ал жакта кыргыз , өзбек улутундагылар көп эле. Бир бөлмөдө 10 аял жашадык. Шарт чеке жылытаарлык эмес, жашаган жерибиз суук, кир. Жумуш эртең менен 8ден тарта кечки 9га чейин эле. Бир жарым ай иштебей жатып, жергиликтүү полиция рейд жүргүзүп, миграциялык картамдын мөөнөтү өтүп кеткен экен. 5 жыл түрмөгө камаласың деген укук коргоо кызматкерлердин мага айткан сөзүн уккан кожоюн, аларды четке алып барып, сүйлөшүп, сыртка узатып жиберди. Ошентип кожоюн аларга 100 миң теңге бергенин айтып, ал акчаны менин мойнума жүктөдү. Ошентип туткунга түшкөн чымчыктай 10 ай ошол акчаны табыш үчүн иштедим.
Ичкен тамагыбыз капустадан жасалган шорпо жана чай. Ошентип 10 айдан кийин үйгө кетүүнү чечип, кожоюн болгону 2000 теңге берди. Анын 1000 теңгесин бажы кызматкерлерине берип, үйгө келдим. Азыркы тапка чейин ден-соолугум начарлагандан начарлап, бөйрөккө суук тийип, Казакстандагы оор көтөргөн жумуштан омурткаларым ооруп, өлбөстүн тиричилигин көрүп келем.