Видео Окуялар

Чоочун унаага отурган келинди айдоочу зордуктоого аракет кылган. Анын иниси келип атып салды

Асел Жумакулова аттуу аял анын үй-бүлөсү оор кырдаалга туш болгонун билдирип чыкты. Аны зордуктоого аракет кылган чоочун эркекти келиндин агасы атып салган. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео кайрылуу жасап төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

«Баарыңарга салам, менин үй-бүлөмдө мындай болот деп эч ойлогон эмесмин, кырсык болду! Мен адаттагыдай эле, 01.07. 2022 күнү эртең менен саат 07:45тер чамасында жумушка баруу үчүн жолго чыгып машина тосуп отурдум, рулда болжол менен 40-45 жаштагы эркек экен.

Ал ылдамдыкты жогорулатып, машинасындагы музыканын үнүн көбөйттү. Бир маалда башка жолго буруп «Жибек» дүкөнүнүн жанындагы кант заводун көздөй айдады да, мен тарапка чукул карап кийимдеримди жулуп баштады. Коркуп кеттим, эч нерсе дей албадым, кыйкырдым, ал мен жака отурууну каалап, тамеки сыяктуу бир нерсе сунуш кылды!

Ал тамекисин күйгүзүп баштаганда мен учурдан пайдаланып, унаадан түз эле жолго чуркап жөнөдүм, биринчи машина мени салып алды. Машинадагылар «Сага эмне болду, аны тааныйсыңбы?» деди. Мен жок дедим, ал мени кууп баштады.

Мен зордуктоо аракетин жолдошума айтуудан коркуп иниме чала баштадым! Унаада айдоочу жана бир аял бар экен, мен жардам сурап, үч балам менен ант бердим, мени кууп келген бул кишини тааныбайм деп! Бирок кууп келе жаткан киши бизди жолдун четине кысып токтотту. Эшикти ачып, башыма чаап, чачымдан жулуп баштады!

Менин жанымда отурган аял машинадан түшүп, башка машина тосуп кетип калды! Айдоочу мага жардам берген жок, өзүңөр чечкиле деди, ошол маалда иним жетип келип, травматикалык тапанча менен атып алды. Ал ошол жерден каза болуп калды.

Иним менин тирегим, намысымды коргоду! Агам болбогондо эмне болмок билбейм! Кайдыгер карабаган ар бир адамдан менин үй-бүлөмдө болгон кайгы менен бөлүшүп, колдон келишинче колдоо көрсөтүүнү суранам!!! Сиз бизге абдан керексиз, мындай абал эч кимдин башына келбесин.

Окуя бүгүн, 1-июлда болжол менен саат 8:30да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Билдирүүгө караганда, аялдамада турган 33 жаштагы келин эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан унааны тосуп отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле унаасын жол четине токтотуп, келинге асыла баштаган.

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Яндекс.Метрика