Жаңылыктар

Чыңгыз Айдарбеков кеңешчилик кызматынан кетти

Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн жазган арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси кызмат ордунан бошотулду».

Чыңгыз Айдарбеков 22-октябрда президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.

Яндекс.Метрика