Жаңылыктар

Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Чыңгыз Айдарбеков буга чейин тышкы иштер министри болуп келген. Бийлик алмашкандан кийин Руслан Казакбаев ал кызматка отурган.

Чыңгыз Айдарбеков 1938-жылы Сталиндик репрессияда атууга кеткен Иманаалы Айдарбековдун чөбөрөсү болот.

Яндекс.Метрика