Окуялар

Чыныгы сүйүү. Тагдыр кайра жолуктурду

Бир нече жыл мурда болгон окуяны айтып өтөйүн. Сүйүү мага көп деле келе берчү эмес. Окуучу кезде бир эки кызды сүйгөм бирок кийин ойлосом ал жөн гана балалык сезимдердей сезилип калды.

Анда эмесе баштайын. Күндөгүдөй эле жумушка эртең менен кетип кечинде келмей эле. Ушундай кыштын суук күндөрү. Жаңы жылга аз калган. Көптөн бери көрө элек дос балам чалып калды. Парктан жолугушмай болуп жумуштан бир аз эртерээк чыктым. Паркка келип күтүп турсам, досум чалып пробкада турганын айтты. Ары-бери бастым суукта тоңбоюн деп, нары жакта бир кыз турат кызыл пальто кийген. Мага окшоп турса керек деп жанына барып сөз баштадым, сүйлөшүп калдык. Эжесин күтүп турганын айтты. Чырайлуу, кичипейил кыз экен. Бир көрүп сүйүп калдым десем да болот. Буга чейин андай сезимдер болгон эмес менде. Өзүмдү анын жанында бүтүн адамдай сезип, үшүгөнүмдү да сезбей калдым.

Аңгыча досумдун келатканын байкап калдым. Ал кезде чөнтөк телефон жалпы элде жок эле. Ал кыз менен кайра сөзсүз жолугушум керек дедим. Үй телефонуңду бер дедим, дароо эле макул болду. Чөнтөгүмөн карап 10 сом менен ручка алып чыктым да анын номерин жаздырып алдым. Сүйүнүп, коштошуп кетип калдым. Үйгө келип карасам жанагы он сом жок! Ал акчаны маршруткага төлөп койгонумду эстеп, дубалды муштап жиберип колумду чыгарып алдым. Аябай жиним келди. Эмнеге жаттап эле алган жокмун деп өзүмдү өзүм урушуп жүрдүм. Ошол бойдон ал кызды жоготтум. Көп күндөр бою биринчи таанышкан жерибизге барып бир сааттай турам келип калат деген үмүттө.

Жаңы жылда саат түнкү 12де бир эле тилек айттым, баягы кызга кайра жолуксам деген. Жылдар өтүп кетти. Жаңы жылдык тилектер болбогон кеп деген ойго ишендим. Башка кызга үйлөндүм. Бирок ал кыздын элеси эсимден кетпейт, кээде түшүмө да кирип калат. Тагдырдын таң калыштуу оюндары болуп бир күнү дүкөндөн бир нерсе алсам кайрып берген акчасында баягы менин 10 сомум турат, номер жазылган, өчөйүн деп да калыптыр.

Таң калаарымды же сүйүнөөрүмдү билбей көргөн көзүмө ишене албай турдум. Эмне кылсам деп көпкө ойлонуп жүрүп акыры чалмай болдум. Чалсам өзү алды. Тааныды, ыйлап жиберди, ал да ишенбей турду. Жолуктук, ал да турмушка чыгып бир кыздуу болуп калыптыр. Неге чалган жоксуң, сени канча күттүм дегенде жүрөгүм жанчылып кетти.. баарын айтып бердим. Кучакташып алып экөөбүз тең ыйладык..

Б. Макенов

Яндекс.Метрика