Жаңылыктар

COVID-19. Кыргызстанга келген гумжардам кайда кеткенин эч ким айта албай жатат

Алынган гуманитардык жардам жөнүндө толук маалымат жок. Бул тууралуу COVID-19ка каршы туруу боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Бакыт Сатыбеков билдирди.
Анын айтымында комиссияга гуманитардык жардамдын таркатылышы боюнча маалымат чогултуу кыйынга турду.

«Биз Бишкектеги бир нече ооруканаларга гуманитардык жардамды талдап чыктык. Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен маалыматтарды алып, маалыматтарды тактадык. Мисалы, жугуштуу оорулар ооруканасы байытуучу фабрикаларга 3 миллион сом түшкөндүгүн тастыктаган жок», — деди ал.

Буга чейин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдиргендей, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча берилген отчеттор толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз.

Белгилей кетсек, коронавирус Кыргызстанда пайда болгондон бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү бизге жүз миллиондогон долларлык гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бир эле Кытай Кыргызстанга 6,7 миллион долларлык гуманитардык жардам берди.

Яндекс.Метрика