Жаңылыктар

COVID-19. Сутка ичинде 4 адам каза болуп, 400 жаңы учур катталды

3-ноябрга карата коронавирус инфекциясын жугузуп алгандар өлкө боюнча 400 адамды түздү. Алар:

Бишкек — 88;
Ош — 9;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу — 33;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 97;
Баткен облусу — 68.

Жалпы 60 миң 279 адамдан коронвирус илдети аныкталды.

Сутка ичинде илдеттен сакайып чыккандар 547 адамды түздү.

Бир суткада 4 адам каза болду. Баардыгы болуп марттан бери 1159 адам.

Яндекс.Метрика