Видео Жаңылыктар

Дүкөндө кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн киши видеого түшүп калган. Сот аны камаган жок

Москва районунун Петровка айылында эркек киши 15 жаштагы кызга өзүнүн жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жашы жете элек кыздын тууганы билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-мартта айылдагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Ал күнү 9-класстын окуучусу дүкөндү жыйнап жүргөн. Ошол маалда бир киши кирип, тамеки сурап, шымынан жыныстык мүчөсүн алып чыккан.

Эркек акчасын төлөгөндөн кийин ортоңку манжасын көрсөтүп, кетип калган. Окуя орнотулган видеокамерага тартылып калган. «Бул киши дүкөнгө кирип, өзүнүн жыныстык мүчөсүн кичинекей кызга көрсөтүп жатканы биринчи жолу эмес. Ал анын артынан машинасы менен ээрчип, тийишип жүргөн. Бирок ал андан качып кетүүгө үлгүргөн.

Биз кызыбыздын коопсуздугу үчүн тынчсызданабыз. Анын өткөөл курагы азыр, өзүн-өзү өлтүрүп коёбу деп коркуп жатабыз», — деди тууганы.

Кыздын апасы Москва РИИБге кайрылган. Тергөө иштери жүрүп, бирок соттун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылган. Туугандары тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камоону суранышууда. Кыздын апасы ишти көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен Москва районунун прокуратурасына кайрылган.

Видео:

Яндекс.Метрика