Видео Кызыктуу

Дүкөндө жубайлар урушкан видео атайлап тартылганы белгилүү болду. Ал курулуш компаниясынын жарнамасы болгон

Бул тууралуу курулуш компаниясы төмөнкүдөй билдирүү калтырып, видео жүктөгөн.:

«Интернетте таратылып жаткан аялы күйөөсүн Бишкектеги курулуш базарларында сабап жаткан видео — биздин “Урушпагыла” деген жарнамалык кампаниябыздын башы болчу.

Тараган видео алдына сценарий менен жазылып катышуучулар ойногон видео. Аны биз видеонун катышуучулары менен чогуу видео-түшүндүрмө берели деп чечтик. Катышуучулары жөнөкөй жашоосунда тынч жана ынтымакта жашашат.Үй-бүлөлүк чыр-чатактар ар кандай шартта, кээде күтүлбөгөн жерден болот.

Мисалы, жаңы батирдин жасалгасы бүтпөстөн сатып алынганда уруш чыгышы мүмкүн. Бир караганга, жаңы батирлүү болуу кубанычтуу окуя, бирок алдыда көптөгөн үй жумуштары бар, аңгыраган бош бөлмөлөрдү кантебиз? Эмнеден баштасак? Кантип туура жасалгалоо керек? Аны ким жасайт?

Мындай маселелерди чечүү үчүн көп күч, убакыт жана энергия талап кылынат.⠀Ушундай учурларда- жин мурундун учуна келип: күйөө менен аялдын, үй ээси менен жумушчулардын, кошуналардын, курулуш материалдарын сатуучулардын ортосунда уруш чыгып кетиши да ыктымал… Ар кандай кырдаал болот.» — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика