Ден-соолук Сулуулук

D витамин! Күнгө кантип туура күйүү керек?

“Жайдын ысыгында күнгө күйүүгө болбойт, тери ооруларына, рак жана башка түрдүү ооруларга алып келет,” – деп айтып келишет. Ооба, мунун чындыгы бар, бирок биздин өлкөдө 6 ай кыш, 6 ай жай болгондуктан күн нурунан алына турган D витамини сөзсүз түрдө керек болот.

Кышы менен күн көрбөгөн денебизди жай келгенде дагы күндөн жашырып алсак D витаминин жетишсиздиги келип чыгат да, имунитет төмөндөп, сөөктөр алсыз болуп, тумоого туруштук бере албай калабыз. Күнгө туура күйүүнү билип алып жайында сөзсүз түрдө күнгө чыгуу керек.

Кантип туура күйүү керек?

  1. Эртең мененки саат 10го чейин, түштөн кийин саат 4төн кийин күнгө кактануу керек. Бул мезгилде тийген күн нурлары денеге пайдалуу болот.
  2. Алгачкы күнү 15 мүнөт кактануу керек. Улам узартып отуруп бир саатка чейин узартса болот.
  3. Сыртта аба температурасы 21 градустан ашпаган болсо узагыраак кактанса болот.
  4. Чак түшө башты күндөн калкалоо керек, башка учурда жылаң баш жүрсө чачка жакшы таасир берет.
  5. Эгер көл жээкте жата турган болсоңуз анда атайын кремдерди колдонуу керек.

Күнгө күйүүнүн пайдалары:

Дене кычышуусу жок болот

Тери ооруларын алдын алат

Псориаз оорусунан арылууга жардам берет

Угри, грибок, экзема жок болот

Кимдерге күйүүгө болбойт:

Кош бойлууларга

Онкологиялык ооруларда

Кургак учук менен ооругандар

5 жашка чейинки балдарга

Денеде чоң калы барлар (1,5 см чоң болсо)

Кант диабети, кан басымы жогорулар, температура болуп жаткандарга дагы болбойт.

Күнгө кактануу үчүн короодо бактар тоспогон ачык жерди тандаса болот, балкондо, же көл жээкте. 15 мүнөттөн баштап күн сайын узартуу керек.

Яндекс.Метрика