Видео Жаңылыктар

Дача СУ кырсыгына 4 жыл болду. Жүк кимдики болгон?

Мындан туура төрт жыл мурун, 2017-жылдын 16-январда эртең мененки 07:17де «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна «Boeing-747-412F» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта экипаждын төрт мүчөсү жана 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Учак кулаганда 36 адам жаракат алып, Дача СУдагы 39 имарат жараксыз абалга келген. Кырсыктын курмандыктарынын 17си балдар болгон. Өмүрү кыйылган тургундардын эң улуусу 58 жашта, эң кичүүсү бир жаштагы ымыркай эле. Бул апаатта бүтүндөй үй-бүлө жок болгон.

Яндекс.Метрика