Жаңылыктар

Дагы 526 адам, Бишкекте чектөө башталды!

Акыркы суткада республика боюнча дагы 526 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бүгүн 2-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтты. ‌

Бишкек шаары – 211

Чүй облусу — 231

Ош шаары — 19

Ош облусу — 6

Нарын облусу — 3

Жалал-Абад облусу — 27

Талас облусу — 1

Баткен облусу — 18

Ысык-Көл облусу — 10

Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 миң 261ди түздү.

Өкмөт вирус тездик менен жайылып баштаганына байланыштуу 1-июль күнү Бишкек шаарына айрым чектөөлөрдү киргизди. Шаар боюнча коомдук транспорт эртең мененки 7ден 10го чейин иштейт. Күндүз кыймыл токтоп кайра кечки 5тен 9га чейин жүрөт. Мындан тышкары сейил бактар, тамактануу жайлар жабылат.‌

Яндекс.Метрика