Дагы бир талапкер. Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышат
Режиссёр Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирип, видео кайрылуу жасады.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга калтырганы маалым.