Дагы бир жоготуу. Чыныбай Турсунбеков каза болду. Ал 60 жашка чыкмак
Коронавирус менен катар эле өлкөдө пневмония илдети дагы күч алууда андан 4 ай аралыгында 200гө жакын адам көз жумду. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков дагы бул оорунун курмандыгы болду.

5-июль күнү анын пневмония илдетине кабылып Бишкектеги Улуттук госпиталда абалы оор болуп жасалма дем алдыруучу аппарат менен дарыланып жатканы кабарланган. 6 – июль түнү каза болгонун парламенттен тастыкташты.
Чыныбай Турсунбеков 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматын аткарган. Парламенттин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. 2017-жылы КСДП партиясын жетектеген.
Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Ал ушул жылдын 15-октябрында 60 жашка чыкмак…