Жаңылыктар Кызыктуу

Дайынсыз жоголгон келин кайненесине чалып күйөөгө тийип кеткенин айткан

Дайынсыз жоголгон 23 жаштагы О. кызы Б.нын табылганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын кайненеси билдирди.

Анын айтымында, келини Балыкчыга тиш доктурга көрүнүү үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан. Алмилицияга арыз жазган.

«Мен Ысык-Көл районунун Кашат айылында турам. Уулу менен келиним Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жашашкан. Алардын бир жашар кызы бар. 5-апрелде келиним курбусу менен Балыкчыга тишин дарылатуу үчүн кетип, кайра кайтып келген эмес. Аны издеп, анан милицияга кайрылдык. Анын сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарганбыз» деди ал.

Кайненесине келин өзү байланышка чыккан.

«Телефондон ал күйөөгө тийгенин айтып, Жумгал районунда экендигин билдирди. Мен милициядан арызымды алган жокмун. Милиция кызматкерлери ал телефон чалган номурду алышты. Жумгал районуна барып алып келебиз дешти», — деди ал.

Аялдын уулу 2019-жылы үйлөнгөнүн белгиледи.

Яндекс.Метрика