Даракты сүзгөн автобус. Кырсыктын себеби айтылды
Бишкек шаарында №8 автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 9 адам жабыркады. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Автобус Чыңгыз Айтматов проспектиси менен өйдө көтөрүлүп бара жаткан. Саат 12:07де Ыбырайым Абдрахманов көчөсү менен кесилишкен жерде коомдук транспорттун айдоочусу рулду башкара албай калып, автобус жол жээкте өскөн теректи сүзгөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгына жеңил унаанын каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болгон. Автобустун айдоочусу кагылышуудан качууга аракет кылып жатып рулду башкара албай калган.
Видео: