Билип ал Ден-соолук

Дарыгер тукумсуздукка алып келген башкы нерсени айтты

Эркектердин тукумсуздугу чоң проблемалардын бири болуп саналат. Буга көп факторлор негиз болот. Кыргызстанда жаштар арасында насавай чегүү күч алууда. Насвай организмге олуттуу зыян алып келет. Бул тууралуу уролог Нурлан Осмонов билдирди.

Анын айтымында айрыкча тамеки, насвайды өспүрүм курактан баштап кодонуп баштагандар арбын. Насвайды колдонуу эркектердин тукумсуздугунун себептеринин бири болуп саналат.

«Насывайдын курамында зыяндуу заттар көп. Мисалы, акиташ жана никотин. Жаштар анын организмди канчалык кыйратарын түшүнүшпөйт. Бул убактылуу гана ырахат тартуулайт. Насвайдын зыяны спирт ичимдиктеринен жана тамекиден көп. Насывай колдонгон адамдын оорулуу бала төрөлүшү мүмкүн», — деди ал.

Дарыгер белгилегендей, буга чейин жаңы үйлөнгөндөр балалуу болууга даярданып келишкен, бирок азыр жаштар бул жөнүндө ойлонушпайт.

«Бала боюна бүтөрдөн 6 ай мурун болочок ата-энелер спирт ичимдиктерин ичишкен эмес жана чылым чеккен эмес. Азыр балдар жүрөк оорусу жана астма менен төрөлүүдө. Мунун бардыгы ата-энелердин жаман адаттарынан», — деди дарыгер.

Яндекс.Метрика