Жаңылыктар

Дарыгер: «Жапаров сунуштаган уу коргошун үчүн министр башы менен жооп берет!»

Буга чейин президент Садыр Жапаров коронавирустан тез сакайып кете турган дары бул — уу коргошун экенин айткан. Бул боюнча дарыгерлер эки ача ойдо болуп, бири аны колдонуу коркунучтуу экенин айтса, башкалары бул чындыгында эффективдүү экенин айтышууда.

Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова эмне үчүн уу коргошун менен дарылоо мүмкүн эместигин айтты.

«Бул өсүмдүк күчтүү, начар изилденген ууларга таандык. Буга чейин көптөгөн адамдардын өмүрүн алган. Бул тамыр — уу коргошун жөнүндө жалпы кыргыз эли билет. Алтынын өзүндө “уу” деген сөз бар», — деди Бермет Барыктабасова.

Дарыгерлер кыргызстандыктарды COVID-19 оорусун Ысык-Көл тамыры менен дарылай башташты«Дарыгерлердин жасагандарынын бардыгы, алар пациенттин медициналык тарыхына жазышат. Эгерде алар аны жазбаса, анда прокурорлор эмне үчүн аны жасабагандыгын аныкташат. Адамдын эмне менен ооруп, эмнеден көз жумгандыгын билүү үчүн соттук-медициналык эксперттер жана прокурорлор үчүн медициналык тарых жазылат. Дарылоочу врачтар рецепт жазуу жоопкерчилигин түшүнүшөт.

Биз коомдук ишмерлер менен тергөө абагы, убактылуу кармоочу жай жана колонияларды аралап, COVID-19дан Ысык-Көлдүн тамырын колдонуу жөнүндө уккан жокпуз.», — деп кошумчалады ал.Бермет Барыктабасова Саламаттыкты сактоо министринин коронавируска каршы эмдөөнүн бардык кесепеттери үчүн өзү жооптуу деген билдирүүсүн эске салды. «Ал кесепети үчүн башы менен жооп берсин» деди ал.

Яндекс.Метрика