Дастан Бекешев Садыр Жапаровго жооп кайтарды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровго жооп иретинде өзүнүн баракчасына билдирүү чыгарды. Анда ал «көзүм сокур болсо да көөдөнүм сокур эмес» деген жазуусу бар кийим кийип алган сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Бекешевге жооп берген билдирүү чыккан. Анда ал «көзү эле эмес көөдөнү кошо сокур экен» деген билдирүү жазылган. Бул интернетте кызуу талкууга алынган. Көп өтпөй президенттин пресс катчысы Галина Байтерек президенттин аккаунтуна хакердик чабуул болгонун билдирген.
