«Дасторконго алма-банан койбой койду», деп эки жашты ажыраштырып алды
Күзүндө болгон кайгулуу окуя менен бөлүшүп кетүүнү чечтим. Курбу кызымдын окуясы көптөргө сабак болуп калышына тилектешмин. Араванда келин алып, кыз берип күтүрөтө той берип жаткандар көп. Тойлор боло берсин, аш көп болсо каада көп эмеспи.

Менин жакын курбум Жазгүл бир жарым жыл Араван районунун бир айлынан Аскат деген бала менен сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп өз көңүлү менен турмушка чыкты. Мен курбу кызы болуп жеткирип бардым. Барган жери колдо барын чачып агылып-төгүлүп кафе жалдап чоң той өткөрдү.
Той болуп, тойдун эртеси күнү Жазгүлгө апасы кечинде телефон чалып, “Үйгө келип кетчи” дептир. Жазгүл үйүнө барса “Тойдо куда-кудагыйлар эл караган бетибизди жер каратып, дасторконго алма, банан койбой койду” деп, кызын жибербей коет. Көрсө тойдо дасторконго баары коюлуп, банан менен алма унутулуп, коробкада кала берген экен.
Жазгүл кечиккенинен улам, Аскат телефон чалса ал “Мамам жибербей жатат, дасторконго тойдо банан, алма коюлбай калыптыр” деп, болгонун болгондой айтат. Аскаттын ата-энеси ачууланып, базардан, үч коробка банан алып барып, кудаларынын эшигинин алдына чачып келишиптир. Ошентип сүйүшкөн жаштар үйлөнбөй жатып ажырашып кетишти. Ушундай майда чүйдөнү жаштардын бактысынан өйдө койгон ата-энелерге эмне деп айтаарыңды дагы билбейт экенсиң. Мээрим, Араван районунан