Саясат

Депутаттар 300 миң сомго чейин эмгек акы алып каникулга кетишти

Экс-депутат Исхак Масалиев мурдагы кесиптештери берген убадасын аткарбай, алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартып келгендиктен, айлык маяна алып тургандыгына нааразы болду.

Эс алууга чыккандан кийин аларга дагы 200-300 миң сомдон эмгек акы төлөнгөнүн ал Facebook баракчасына жазды.

«Жогорку Кенеш…КЕРЕК болсо айлык да албайбыз деген создор эсинерде барбы? Конституцияны кабыл алып, анан жаны шайлоо болот деп мыйзам кабыл алышкан болчу, моонотун 2021 жылдын июнга чейин узартышкан… Ал мыйзамдын аткарылышын ойлоп да койгон жок… Эми, чарчашып каникулга чыгып кетишти. Бир ай Эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 000 сомдон 300 000 сомдон акча берилет. «Отпускной» дейт аны…»

30-июнда эл өкүлдөрү сессияны жаап, жайкы каникулга тарап кетишкен. Бирок алар президенттик администрациядан келип түшкөн конституциялык мыйзам долбоорлорунун үстүнөн иштөөнү жакынкы июль күндөрү улантууга убада беришти.

Яндекс.Метрика