Жаңылыктар

Депутаттардын айлыгы азайып, кызматтык үй, унаа алынып салынды

Садыр Жапаров “Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Документтин максаты — республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу боюнча зарыл чаралар көрүлгөнү, тактап айтканда, алардын кызматтык маяналары кыскартылганы белгиленген:

ЖК төрагасы– 30 миң сом;

Төраганын орун басарларына – 27 миң сом;

Парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына — 26 миң сом;

Депутаттарга — 25 миң сом.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы түшүндүргөндөй, жарлык «жаңы бюджеттик саясатка – мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик каражаттарды негиздүү үнөмдөөгө негиз түзөт».

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү абалды жакшыртуу механизми камтылган, ал эми иш жүзүндө эч кандай каражат жумшалбайт. Механизмди жалпыга белгилүү принциптин жардамы менен мүнөздөөгө болот:

Мамлекет өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде жашашы керек, башкача айтканда, мамлекеттик аппаратты, мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын жалпы үнөмдөө. Механизм ар түрдүү өлкөлөрдө экономикалык оор реформалардын мезгилинде дайыма ийгиликтуу колдонулуп келген.

“Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде жашоо” урааны астында Балтика, Чыгыш жана Борбордук Европада (Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Венгрия) мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон жөнгө салуучу мүнөзгө ээ болду. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган.

Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынды, ал эми болгон кызматтык батирлер турак-жайы жок парламенттин депутаттарына бөлүштүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Яндекс.Метрика