Жаңылыктар

Депутаттарга 7 миллион сомго ноутбук сатып алынат

Жогорку Кеңеш депутаттарга жаңы ноутбук жана офис техникаларын сатып алуу үчүн 7 миллион сомго жакын акча корото турган болду. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Жалпы 143 ноутбук 5 миллион 909 миң 625 сомго алынат. 71 миң 400 сомго 12 LED монитор. Мындан тышкары 54 персоналдык компьютер, 47 принтер алынат.

Депутаттар отурган «Ак үй» 5-октябрь түнү бийликке нааразы эл тарабынан талкаланган.

Яндекс.Метрика