Видео Жаңылыктар

Депутаттыкка талапкер аял эки кызды сабаган видео тарады

Кримтөбөл Азамат Касымбековдун жубайынын эжеси Нургүл Зарлыкованын катышуусундагы мушташтын видеосу интернетке тарады. Зарлыкова эки кызды сабады деп айыпталууда. Ал «Бирге» партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Чүй облусунун ИИБне 12-мартта саат 23: 48де жана 23: 58де Токмок ооруканасына сабалган эки мас аял келип түшкөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөнүн. Алар сабаган аялга карата арыз жазгандыгын билдиришкен. Факт Кылмыш кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси менен катталган.

Жабыркаган аялдар ооруканага кайрылып, арыз жазгандан кийин З.Н дагы арыз жазып, эки аял кол салгандыгын айткан. Анын иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталганын укук коргоо органдары билдиришти. Ички иштер башкармалыгы беренедеги карама-каршылыкты айтты. Биринчисинде бир аял экөөнү сабаса, экинчисинде эки кыз бир аялга кол салгандыгы менен түшүндүрдү.

Яндекс.Метрика